• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

АФК Кубогу: Бишкекте "Дордой" клубу түркмөнстандык "Алтын Асыр" менен ойнойт

Спорт 0

Бишкек, 02.03.20. /Кабар/. Азия футбол конфедерациясынын (АФК) Кубогунун тайпалык баскычынын алкагында Кыргызстандын "Дордой" футбол клубу түркмөнстандык "Алтын Асыр" менен ойнойт. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол бирикмесинен билдиришти.

Оюн 11-март күнү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болуп өтөт. Беттеш саат 20:00дө башталат.

Бул мелдеште Кыргызстан D тайпасына түшкөн. Ал тайпада түркмөнстандык "Алтын Асыр" жана Тажикстандын эки клубу – "Истиклол" жана "Хужанд" бар.

Пикир

Оставить комментарий