• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

АФК Кубогу: "Дордой" футбол клубу түркмөнстандык "Алтын Асыр" менен беттеш өткөрөт

Спорт 0

Бишкек, 10.06.19. /Кабар/. Келерки аптада 19-июнь күнү Азия футбол конфедерация (АФК) Кубогунун тайпалык баскычынын алкагында "Дордой" футбол клубу менен түркмөнстандык "Алтын Асыр" оюн өткөрөт.

Беттеш Түркмөнстанда болуп өтөт. Буга чейин эки команда Бишкекте ойноп, эсеп тең чыккан.

Белгилей кетсек, буга чейин "Дордой" АФК Кубогунун алкагында төрт беттеш өткөргөн. Алар бир беттешинде тең чыгып, экөөндө жеңилип, бир оюнунда жеңиштүү болгон. Ошентип, учурда "Дордойдун" эсебинде 4 упай бар жана алар тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүн жогото элек.

Пикир

Оставить комментарий