• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

АФК Кубогу: Дордой" футбол клубу тажикстандык "Истиклол" менен ойнойт

Спорт 0

Бишкек, 13.05.19. /Кабар/. Азия футбол конфедерация (АФК) Кубогунун тайпалык баскычынын оюндарынын алкагында Кыргызстандын "Дордой" футбол клубу тажикстандык "Истиклол" менен ойнойт.

Оюн Бишкектеги борбордук стадиондо шаршемби күнү, 15-майда болуп өтөт.

Белгилей кетсек, буга чейин эки команда Тажикстанда оюн өткөрүп, "Дордой" 1:4 эсебинде утулуп калган.

Учурда бир беттеши тең чыгып, экисинде жеңилген "Дордой" бир упай менен өзүнүн тайпасында акыркы орунда турат.

Пикир

Оставить комментарий