• 84.75
  • 102.96
  • 1.14

АФК Кубогу: "Дордой" футбол клубу тажикстандык "Истиклолду" утуп алды

Спорт 0

Бишкек, 16.05.19. /Кабар/. Кечээ, 15-май күнү Азия футбол конфедерация (АФК) Кубогунун тайпалык баскычынын алкагында "Дордой" футбол клубу тажикстандык "Истиклол" менен ойноп, атаандаштарын утуп алды.

Беттеш Бишкектеги борбордук стадиондо болуп өтүп, оюн 2:1 эсебинде жыйынтыкталды.

Алгачкы голду атаандаштардын командасынан Алишер Жалилов 29-мүнөттө киргизди. Андан кийин "Дордой" эсепти теңөөгө аракет кылганы менен биринчи бөлүктө алардын аракетинен майнап чыккан жок.

Ал эми экинчи бөлүктө эсепти Вахыт Оразсахедов 57-мүнөттө теңеди. Жыйырма мүнөттөн кийин "Дордойдун" эсебиндеги экинчи голду Мирлан Мурзаев киргизди.

Белгилей кетсек, кечээ "Дордой" АФК Кубогунун алкагында төртүнчү беттешин өткөрдү. Алар бир беттешинде тең чыгып, экисинде жеңилип, бир оюнунда жеңиштүү болду. Ошентип, учурда "Дордойдун" эсебинде 4 упай бар болуп, алар тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүн жогото элек.

Пикир

Оставить комментарий