• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

АФК Кубогу: "Дордой" клубу "Алтын Асыр" менен боло турган оюнга даяр

Спорт 0

Бишкек. 02.04.19 /Кабар/. Бишкекте эртең, 3-апрелде "Дордой" футбол клубу Түркмөнстандын "Алтын Асыр" клубу менен оюн өткөрөт. Матч Азия футбол конфедерация (АФК) Кубогунун тайпалык баскычынын алкагында өтөт.

Беттеш борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, саат 20:00 башталат.

"Дордой" клубунун башкы машыктыруучу Александр Крестинин оюн алдындагы пресс-конференцияда "Алтын Асырга" каршы беттешке даяр экенин билдирди.

"Жакшы даярдыктарды көрдүк, эртең баарын өзүңөр көрө аласыңар. Түркияда бир нече жолдоштук беттеш өткөрдүк, баары жакшы даярдыкта. Биз азыр атаандашыбыз менен бирдей мүмкүнчүлүктө турабыз", - деди Крестинин.

"Биз өз талаабызда ойнойбуз, бул жакшы мүмкүнчүлүк. Бирок клуб (Алтын Асыр – прим.) турнирдин финалисти. Бизде атаандашыбыз тууралуу көп маалымат бар. Эртең кызыктуу оюн болот. Биздин артыкчылыгыбыз – биздин күйөрмандарыбыз", - деп кошумчалады ал.

Аталган мелдештин тайпалык баскычында "Дордой" клубуна "Алтын Асырдан" тышкары, эки тажикстандык клуб – "Истиклол" жана "Худжанд" атаандаштык кылат.

Белгилей кетсек, АФК Кубогуна Кыргызстандын атынан жалгыз "Дордой" клубу катышууда.

Пикир

Оставить комментарий