• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

АФК Кубогу: "Дордой" тажикстандык "Хужанд" футбол клубун утуп алды

Спорт 0

Бишкек, 27.06.19. /Кабар/. Кечээ, Азия футбол конфедерация (АФК) Кубогунун тайпалык баскычынын алкагындагы беттеште "Дордой" тажикстандык "Хужанд" футбол клубу утуп алды.

Оюн Бишкектин борбордук стадионунда болуп өттү. Беттеш 3:0 эсебинде аяктады.

"Дордойдун" эсебиндеги голдорду Вахыт Оразсахедов, Мирлан Мурзаев, Артур Валикаев киргизди.

Ушуну менен АФК Кубогундагы "D" тайпасынын оюндары аяктады. "Дордой" ойногон тайпада тажикстандык "Хужанд", "Истиклол" жана түркмөстандык "Алтын Асыр" болгон. Ал тайпадан алдыңкы орунду алган "Алтын Асыр" чыга алды.

Алты беттештин жыйынтыгы менен "Дордой" 7 упайга ээ болду.

Пикир

Оставить комментарий