• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

АФК Кубогу: Эртең "Дордой" футбол клубу тажикстандык "Истиклол" менен ойнойт

Спорт 0

Бишкек, 30.04.19. /Кабар/. Эртең Кыргызстандын "Дордой" футбол клубу тажикстандык "Истиклол" менен оюн өткөрөт. Ал оюн Азия футбол конфедерация (АФК) Кубогунун тайпалык баскычынын алкагында өтөт.

Эки клубдун беттеши Душанбе шаарындагы борбордук "Памир" стадионунда болуп өтөт. Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө башталат.

Эскерте кетсек, буга чейин "Дордой" клубу түркмөнстандык "Алтын Асыр" жана тажикстандык "Хужанд" клубдары менен ойногон. Биринчи оюнда эсеп тең чыкса, "Хужант" менен болгон беттеште "Дордой" жеңилип калган.

Учурда кыргызстандык клуб бир упай менен өзүнүн тайпасында акыркы орунда турат.

Белгилей кетсек, АФК Кубогу – Азиядагы даражасы боюнча экинчи орунда турган клубдук мелдеш.

Пикир

Оставить комментарий