• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

АФК Кубогу: Эртең "Дордой" футбол клубу тажикстандык "Хужанд" менен ойнойт

Спорт 0

Бишкек, 16.04.19. /Кабар/. Эртең Кыргызстандын "Дордой" футбол клубу тажикстандык "Хужанд" менен оюн өткөрөт. Ал оюн Азия футбол конфедерация (АФК) Кубогунун тайпалык баскычынын алкагында өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясы билдирди.

Беттеш эртең Тажикстандын Хужанд шаарындагы Көз карандысыздыктын 20-жылы стадионунда болуп өтөт. Ал Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө башталат.

Белгилей кетсек, АФК Кубогу – Азиядагы даражасы боюнча экинчи орунда турган клубдук турнир.

Аталган мелдештин тайпалык баскычында "Дордой" клубуна түркмөнстандык "Алтын Асыр" жана эки тажикстандык клуб – "Истиклол" жана "Хужанд" атаандаштык кылат.

Буга чейин, "Дордой" клубу "Алтын Асыр" менен Бишкекте оюн өткөрүп, 1:1 эсебинде тең чыккан. Учурда бул эки клубдун бирден упайы бар.

Ал эми, биринчи оюнунда атаандаштарын жеңген "Истиклолдо" 3 упай, ал эми ага жеңилген "Хужанд" упай ала элек.

Эскерте кетсек, АФК Кубогуна Кыргызстандын атынан жалгыз "Дордой" клубу катышууда.

Пикир

Оставить комментарий