• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

АФК Кубогу: Келерки аптада "Дордой" футбол клубу "Алтын Асыр" менен ойнойт

Спорт 0

Бишкек, 27.03.19. /Кабар/. Келерки аптада, 3-апрелде Кыргызстандын "Дордой" футбол клубу Түркмөнстандын "Алтын Асыр" клубу менен оюн өткөрөт. Ал оюн Азия футбол конфедерация (АФК) Кубогунун тайпалык баскычынын алкагында өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясы билдирди.

Беттеш борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, саат 20:00дө башталат.

Аталган мелдештин тайпалык баскычында "Дордой" клубуна "Алтын Асырдан" тышкары, эки тажикстандык клуб – "Истиклол" жана "Худжанд" атаандаштык кылат.

Белгилей кетсек, АФК Кубогуна Кыргызстандын атынан жалгыз "Дордой" клубу катышууда.

Пикир

Оставить комментарий