• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

АФК рейтинги: Кыргызстан футбол боюнча Азияда 31-орунда турат

Спорт 0

Бишкек, 20.11.18 /Кабар/. Азия футбол конфедерациясы (АФК) футбол боюнча улуттук федерациялардын рейтингин жарыялады. Ал тизмеге жалпы 46 өлкөнүн футболд командалары кирген.

Бул тизмеде Кыргызстан 31-орунду ээлеген.

Тизменин башында Кытай, андан кийин Катар, үчүнчү орунда Түштүк Корея, төртүнчүдө Бириккен Араб Эмираттары жана бешинчи орунда Иран турат.

Борбор Азия өлкөлөрүн алсак, Өзбекстан 10-орунду ээлесе, Тажикстан - 12, Түркмөнстан - 23.

Бул рейтинг ассоциациянын бардык клубдарынын АФКнын кубогундагы жана Чемпиондор лигасындагы жыйынтыктары менен түзүлөт.

Белгилей кетсек, ФИФАнын октябрь айындагы рейтингинде Кыргызстандын курамасы 90-орунда, Өзбекстан – 94, Казакстан – 117, Тажикстан – 118, Түркмөнстан 128-орунду ээлеген.

Пикир

Оставить комментарий