• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

АФКнын кубогу: "Дордой" менен "Алтын Асыр" командаларынын оюну жылдырылды

Спорт 0

Бишкек, 03.03.20. /Кабар/. Азия футбол конфедерациясы "Дордой" менен "Алтын Асыр" командаларынын оюнун жылдыруу тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинин маалымат кызматы билдирди.

Шаардык "Дордой" командасы түркмөнстандык "Алтын Асыр" клубу менен 11-мартта Бишкекте оюн өткөрмөк. Бирок, конфедерация эки команданын оюнун белгисиз убакытка чейин жылдырган.

Ошондой эле "Риффа" (Бахрейн) жана "Дофа" (Оман) командаларынын беттеши да жылдырылган.

Пикир

Оставить комментарий