• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

AFP: Ливияда куралдуу кагылышуудан 121 адам каза болуп, 561 адам жаракат алды

Дүйнө 0

Бишкек. 15.04.19 /Кабар/. Ливиянын борбору Триполи шаарындагы куралдуу кагылышуудан 121 адам каза болуп, дагы 561 адам жаракат алды. Бул тууралуу Agence France-Presse (AFP) билдирди.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Триполиге кошумча кызматкерлер менен дары-дармектер жибергенин маалымдады.

Бир нече күн мурун "Ливиянын улуттук армиясынын" жетекчиси Халиф Хафтар Триполи шаарына чабуул уюштуруп, өлкөнүн борборун курчап алган, деп жазат interfax

Куралдуу кагылышуу башталгандан бери 13,5 миң адам Триполи шаарын таштап кетүүгө аргасыз болгон, деп кабарлады Бириккен улуттар уюмунун гуманитардык маселелер боюнча башкармалыгы.

Маалым болгондой, Ливияда 2011-жылы өлкөнүн жетекчиси Муаммар Каддафи өлтүрүлгөндөн кийин, өлкөдө саясий кризис башталган.

Азыркы учурда өлкөдө эки бийлик бар десе болот: Ливиянын чыгыш жагын парламент жана Хафтардын армиясы, ал эми батыш жагын БУУнун жардамы менен куралган жана эл аралык коомчулук тааныган өкмөт көзөмөлдөйт.

Пикир

Оставить комментарий