• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Африкада коронавирус жуктургандардын саны 115 миң адамдан ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 26.05.20. /Кабар/. Африкада коронавирус жуктургандардын саны 115 миң адамдан ашты. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун аймактык өкүлчүлүгү билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Ага ылайык, коронавирус инфекциясы Африкада тарагандан баштап 115 миң 237 адам жуктурган. Каза болгондордун саны 3 миң 453 адамды түздү. Ошол эле учурда илдеттен 46 миң жаран айыкты.

Коронавирусту эң көп Түштүк Африка Республикасында 23 миң 615, Египетте 16 миң 513, Алжирде 8 миң 503, Мароккодо 7 миң 429, Нигерияда 8 миң 68, Ганада 6 миң 808 адам жуктурган.

Каза болгондордун саны Египетте 735, Алжирде 609 жана Түштүк Африка Республикасында 481ди түздү.

Пикир

Оставить комментарий