• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Африкада сейрек кездешкен кара кабылан сүрөткө түшүп калган

Дүйнө 0

Бишкек, 15.02.19. /Кабар/. Кенияда атайын камеранын жардамы менен сейрек кездешкен кара кабыланды тартып алышкан.

Сүрөттү Британиянын 35 жаштагы Уилл Беррард-Лукас аттуу тургуну тартып алган. Айта кетсек, мындай сейрек кездешкен кабыланды Африкада дээрлик 100 жыл мурун байкашкан болчу. Мындай жапай жаныбарды элдер көп учурда кара кабылан деп атап келишет. Булар кабылан же ягуарлардын бир түрүнө кирет, деп trinixy.ru. шилтеме берип Day.Az агенттиги жазат.

Пикир

Оставить комментарий