• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Ага-ини” тез татымынан ууланган бейтаптардын абалы канааттандырарлык

Аймак 0

Бишкек, 01.07.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы "Ага-ини" тез татым жайынан уулангандардын саны 40ка жеткен.

Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришкендей, бүгүн, 1-июлда шаардын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө жаткан бейтаптардын абалынан кабар алды.

Дарыгерлер бейтаптардын абалы канааттандыралык экенин билдирген.

Эске салсак, “Ага-ини” тез татым жайынан 28 адам тамак-ашка ууланып, ооруканага жаткырылган. Дагы 12 адам амбулатордук дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий