• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ага Хан фонду ишмердиги тууралуу бир катар ЖМКлардагы маалыматтарга жооп кайтарды

Коом 0

Бишкек, 27.04.18 /Кабар/. Ага Хан Фонду өзүнүн ишмердиги тууралуу бир катар ЖМКларда жарыяланган маалыматтарга карата жооп кайтарды.

Билдирүүдө мындай айтылат:

"Ага Хан Фонду 2018-жылдын 23-апрелинде «Aзаттык радиосунда» жана 2018-жылдын 25-апрелинде НТС телеканалында берилген тенденциялык жаңылыктар маалыматына көңүлүн бурат.

Ага Хан Өнүктүрүү уюмунун курамындагы башка бардык агенттиктердей эле Ага Хан Фонду мыйзамдын талаптарына ылайык жана эң жогорку этикалык нормаларды сактоо менен иш алып барат. Ага Хан Фонду аталган жалпыга маалымдоо каражаттарында билдирилген маселелерге кандайдыр бир байланышы бар экенин чечкиндүү түрдө төгүндөйт. Фонд бул айтылгандарды туура деп ырастоого жасалган аракеттерди жалган жана негизсиз деп эсептейт. Ошондуктан жогоруда аталган жаңылыктар маалыматынын жагдайына тиешеси бар ММКлардын суроо-талаптарынын бардыгын бул ишке тиешеси бар тийиштүү инстанцияларга жөнөтүүнү өтүнөбүз.

Ага Хан Өнүктүрүү уюмунун мекемелери жогорку сапаттагы билим берүүгө жардам көрсөтүү ишин уланта берет. Бул иш Кыргыз Республикасынын, ошондой эле дүйнөнүн башка өлкөлөрүнүн элдеринин жашоо-турмушунун сапатын жогорулатуу боюнча Уюмдун демилгесинин алкагында жүргүзүлүп келет".

Пикир

Оставить комментарий