• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

"Агай" тасмасынын жаратуучуларына ведомстволук сыйлыктар тапшырылды

Маданият 0

Бишкек, 29.03.23. /Кабар/. Бүгүн Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында Руслан Акун режиссёрлук кылган “Агай” көп сериялуу тасмасынын бет ачары өттү.

Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев катышып, сөз сүйлөп, кино жараткандардын ишине мындан аркы ийгиликтерди каалап, тасмага тартылган айрым таланттарга министрликтин ведомстволук сыйлыктарын жана ыраазычылык каттарын тапшырды.

Маалымат үчүн: “Агай” тасмасында Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон 1990-жылдардан кийинки айыл жериндеги социалдык, экономикалык, маданий абал чагылдырылган. Тасмадагы башкы каарман - Гапыр агай. Ал аксаган билим сапатты жогорулатууну көздөп бирок бир топ кыйынчылыкка жана бут тосууга тушукканына карабастан, жыйынтыгында максатына жетип гимназия ачып, ал иштеп чыккан усулдар менен билим алган окуучулар республикалык олимпиададан алдынкы орундарды ээлешет. Тасмадагы Гапыр агай азыр арабызда бар.

Гапыр Мадаминов - Баткен облусундагы Лейлек районунун коңшу Тажикстан менен чек арада жайгашкан айылда “Акыл эмгегинин маданияты”, “Энелер мектеби” усулдарына таянып, № 3 эксперименталдык гимназияны түптөгөн. Ал иштеп чыккан усулдар, программа менен даярдап чыгарган китептер менен билим алган гимназиянын бүтүрүүчүлөрү ошол күндөн ушул күнгө чейин республикадагы жана чет өлкөдөгү алдыңкы жогорку окуу жайларга акысыз өтүп келишет.

Пикир

Оставить комментарий