• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Агрардык комитет Оштогу чарбалык каналдарды тейлөөнү жакшыртуу боюнча көчмө жыйын өткөрөт

Аймак 0

Бишкек. 26.04.19 /Кабар/. Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет 29-апрелде Ош облусунда ички чарбалык каналдарды тейлөөнү жакшыртуу боюнча көчмө жыйын өткөрөт

Ош шаарында өтө турган жыйында Республикадагы керектөөчүлөрдү сугат суу менен камсыз кылуу, ички чарбалык каналдарды тейлөөнү жакшыртуу жана сугат сууну башкаруу системасына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери талкууланат.

Көчмө жыйында тармактык комитет керектөөчүлөрдү сугат суу менен камсыз кылуу багытында райондук суу чарба башкармалыктарынын жана суу пайдалануучулар ассоциацияларынын жүргүзүп жаткан иштери менен жеринде таанышып, сугат сууну башкаруу системасына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар, ички чарбалык каналдарды тейлөөнү жакшыртуу жана пайда болгон көйгөйлүү маселелерди чечүү жолдору талкуулайт. Жыйынтыгында тиешелүү чечим кабыл алат.

Белгилей кетсек, көчмө жыйын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитети, КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министирлиги, «ХЕЛЬВЕТАС Кыргызстан» сугат сууну башкарууну жакшыртуу долбоору, Сугат суу менен тейлөөнү жакшыртуу боюнча өткөрүлгөн улуттук конференцияда уюштурулган демилгелүү топ тарабынан уюштурулууда.

Жыйынга Жогорку Кеңеш депутаттары, КР Өкмөтүнүн, КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин, КР Финансы министрлигинин, Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, Сугат суу менен тейлөөнү жакшыртуу боюнча өткөрүлгөн клуттук конферецияда уюштурулган демилгелүү топтун мүчөлөрү, Базар-Коргон, Ноокен, Ноокат, Кадамжай райондорунун акимдери, Суу пайдалануучулар ассоцияциялар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү чакырылган.

Пикир

Оставить комментарий