• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Агрардык саясат боюнча комитет өкмөттүн отчетун канааттандырарлык деп тапты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 08.04.19. /Кабар/. Бүгүн, 8-апрелде Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету каралды.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров КР Өкмөтүнүн 2018-жылдагы иши жөнүндө баяндама жасады.

Маалыматка ылайык, 2018-жылы КР Өкмөтүнүн «Жаӊы доорго кырк кадам» программасынын максаттарын ишке ашыруу 90%га, «Биримдик, Ишеним. Жаратмандык» программасынын максаттары 91,1% аткарылган. 2018-жылы экономикалык өсүштүн оӊ динамикасынын сакталышы негизги натыйжа болду. Экономикалык өсүш 2018-жылы болжолдуу көрсөткөчтөн 0,7%дык пунктка ашты. Өткөн жылы салыктык кирешелердин жалпы көлөмү 116 613,7 млн сомду түздү, мурунку жылга салыштырганда 13 245,8 млн сомго же 12,8%га көбөйдү. 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын (ички дүӊ продукциянын) көлөмү 557,1 млрд сом суммасында болду жана реалдуу өсүш темпи болжолдуу мааниде 102,8 болсо, 103,5%ды түздү (2017-жылы реалдуу өсүш 104,7%ды түзгөн). Айыл чарбасынын ИДПга кошкон салымы 0,3%дык пункттун деӊгээлинде бааланат, ага салыштырмалуу айыл чарбасы ИДПнын өндүрүш түзүмүндө 11,7%ды түзөт. Мындан сырткары, вице-премьер-министри Замирбек Аскаров өткөн жылдагы айдоо жерлеринин көбөйүшү, «Айыл чарбасын каржылоо-7» долбоору, өлкө аймагында МТСтердин түзүлүшү, лизинг аркылуу берилген техникалар, кайра иштетүү, органикалык айыл чарба тармагын өнүктүрүү, суу чарба тармагы боюнча маалымат берди.

Талкууда депутат Мирлан Бакиров жаӊгак токоюн көбөйтүү боюнча атайын кабыл алынган токтомдун аткарылышына көӊүл буруу зарылдыгын баса белгиледи. Ошону менен катар жер тилкелерин трансформациялоо боюнча кабыл алынган мыйзамга жамынын алып, мурдагы дата менен жерлерди трансформациялаган фактылар бар экенин кошумчалады. «Жалпы республиканын көпчүлүк эли алектенген айыл чарба тармагынын ИДПга салымынын азайышы өтө олуттуу маселе»,- деген депутат Акылбек Жапаров айыл чарба өнүмдөрү рынокто жакшы корголбой жаткандыгын сынга алды. Депутат Алмазбек Акматовдун айтымында, ички чарбалык каналдарды жазгы талаа иштерине даярдоо маселесин бюджеттик сметага киргизүү кажет. Ошондой эле эл өкүлү же адистери жок, же материалдык-техникалык базасы жок Суу пайдалануучулар ассоциациясына (СПА) элдин нааразычылыгын айтып, Өкмөттү көӊүл бурууга чакырды. Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров СПАлардын жоопкерчилигин көтөрүү багытында мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча иштер жүрүп жаткандыгын айтты. Депутат Асылбек Жээнбеков Өкмөттүн отчетундагы макроэкономикалык көрсөткүчтөр дурус экенин белгилеп, аны колдоого ала тургандыгын билдирди. Мындан сырткары, А.Жээнбеков мыйзамдардын аткарылышына токтолуп, жер, жайыт салыктары толук чогултулбай жаткандыгын кошумчалады.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчетун канааттандырарлык деп табуу боюнча чечим кабыл алышты.

Пикир

Оставить комментарий