• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Агрардык тармакка инновациялык технологияларды киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулат - Исаков

Өкмөт 0

Бишкек, 03.04.18 /Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 3-апрелде, «Infrastructure Leasing and Financial Services Ltd» (Индия) компаниясынын башкаруучу директору жана төрагасынын орун басары Хари Санкаран жана Глобалдык жолборс демилгесинин кеңешинин төрагасы Кеваш Варма менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө биргелешкен кызматташтыктын келечектери, андан тышкары компания тарабынан өлкө экономикасынын ар кандай тармактарына инвестиция салуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Премьер-министр бүгүнкү күндө экономиканын ар кандай секторлорунда жана өлкөнүн санариптик трансформациясы боюнча системалык реформаларды өткөрүү үчүн Өкмөт тарабынан болгон күч аракеттер жумшалып жатканын белгиледи.

Сапар Исаков ошондой эле, калктын алтымыш пайызы айыл жергесинде жашагандыктан, агрардык тармакка инновациялык технологияларды киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулаарын айтты.

Андан тышкары премьер-министр өлкөнүн алыскы аймактарын сапаттуу интернет байланышы менен камсыз кылуу максатында «Digital CASA» долбоорун ишке ашыруу пландарын билдирди.

«Infrastructure Leasing and Financial Services Ltd» компаниясынын төрагасынын орун басары Хари Санкаран компаниянын ар башка өлкөлөрдүн өкмөттүк түзүмдөрү менен тыгыз өз ара аракеттенишип тургандыгын жана инфраструктуралык жана финансалык долбоорлорду ишке ашыруу менен иш алып баргандыгын маалымдады.

Ошондой эле анын айтымында, акыркы 20 жылда мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн алкагында компания тарабынан көптөгөн долбоорлор ишке ашты.

Хари Санкаран заманбап шартта инвестициялардын негизги бөлүгү санариптик технологияларга туура келип жаткандыгын, буга байланыштуу кыргыз өкмөтүнүн аталган тармактагы аракеттери өз убагында жана актуалдуу экендигин белгиледи.

Жолугушунун жүрүшүндө телекоммуникация жаатында жана Шамси (Чүй облусу) капчыгайынын тегерегиндеги калктуу пунктарды туруктуу өнүктүрүү боюнча долбоорлор талкууланды.

Жолугушунун жыйынтыгында тараптар адистердин жана жумушчу топтордун деңгээлинде кошумча консультацияларды өткөрүү тууралуу макулдашышты.

«Infrastructure Leasing and Financial Services Ltd» компаниясы 20 млдр АКШ доллардан ашык активдери бар жол, экономикалык зоналар, энергетика, телекоммуникация, канализациялык системалар, катуу калдыктарды башкаруу, билим берүү жана электрондук башкаруу тармактары боюнча долбоорлорду ишке ашырган алдыңкы индиядлык каржы институттарынын бири болуп эсептелинет.

Пикир

Оставить комментарий