• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Ай сайын 41 миң киши жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсацияларды алат - Соцөнүктүрүү министрлиги

Коом 0

Бишкек, 10.08.20. /Кабар/. 2020-жылдын 1-июлуна карата жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсацияларды алуучулардын саны 41 миң адамды түзгөн. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдайт.

Республикалык бюджеттин каражатынан жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсацияларды төлөөгө жалпы суммасы 498,9 млн сом акча каражаты каржыланган.

Министрликтин маалыматы боюнча, жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсациялар ай сайын 25 категориядагы жарандарга төлөнүп берилет. Акчалай компенсациялардын өлчөмү жашаган регионуна карабастан 1000 сомдон 7000 сомго чейин белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий