• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Дүйнө кубогун жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 16.12.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда алтын медаль утту. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында айтылат.

Мелдеш 12-18-декабрда Белград шаарында (Сербия) өтүүдө.

Тыныбекова мелдешке 62 кг салмакта катышкан. Ал 1/8 финалында румыниялык Криста Инцени 10:0 эсебинде жеңип алган. Ал эми чейрек финалда кыргызстандык спортчу Жансу Аксой (Түркия) менен күрөшүп, аны да 10:0 эсебинде утуп алды.

Жарым финалда Тыныбекова россиялык Любовь Овчарова менен кармашып, 13:2 эсебинде жеңишти илип кетти. Финалда мекендешибиз латвиялык Анастасия Григорьева менен килем үстүндө күч сынашып, аны 14:0 ири эсебинде артта калтырды.

Дагы бир кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакта атаандаштарын жеңип, финалга чыкты.

Эскерте кетсек, Кыргызстандык балбан Жоломан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда алтын медаль уткан. Ал эми Калы Сулайманов 63 кг салмакта, Руслан Царев 72 кг салмакта коло медалдын ээси болушкан.

Пикир

Оставить комментарий