• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Айзаданын өлүмү: Кызды уурдоого шектелип дагы эки жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.04.21./Кабар/. Бишкектин криминалдык милициясынын кызматкерлери борбор калаада кызды уурдоого шек саналгандардын дагы эки катышуучусун кармады.

Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, тергөө жана издөө иштеринин жүрүшүндө кыздын уурдалышына шектелип Бишкек шаарынын аймагында 1995-жылкы Т.К., Жалал-Абад облусунун аймагында 1991-жылкы Н.О. кармалды.

Буга чейин кыздын уурдалышына шектелип 29 жаштагы Р.А. жана 32 жаштагы З.Р. аттуу жаран колго түшүрүлгөн.

Белгилей кетсек, 5-апрелде Бишкекте Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жаш кызды ала качып кетишти деген маалымат тарап, окуя видеого түшүп калган.

Көп өтпөй 7-апрелде кыздын сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

Пикир

Оставить комментарий