• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Айаал Лазарев америкалык спортчуга жеңилип калды, бирок коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бар

Спорт 0

Бишкек, 05.08.21. /Кабар/. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча балбаны Айаал Лазарев Токиодогу Олимпиада оюндарында биринчи беттешинде жеңилип калды. Ал 125 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан.

Кыргызстандык балбан америкалык Дэн Гейбл Стивенсон менен болгон беттеште 10:0 эсебинде утулуп калды.

Кыргыз спортчуларын коштоп жүрүүчүлөр билдиргендей, Айаал Лазарев тажрыйбалуу жана таланттуу балбан, Азия чемпиону. “Бираз аз жетпей калды. Эгер америкалык спортчу финалга чыкса, Лазаревге коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк жаралат”, - деп билдиришти алар.

Эскерте кетсек, кыргыз спортчулары Айсулуу Тыныбекова жана Акжол Махмудов Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш медаль багындырса, Мээрим Жуманазарова коло байге утту.

Пикир

Оставить комментарий