• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аялдамада табылган наристе балдар үйүнө жиберилет - ОИИБ

Аймак 0

Бишкек, 20.12.18. /Кабар/. Чүй облусунда аялдамасында табылган 1,5 жаштагы наристе балдар үйүнө жиберилет. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашкан.

Маалыматка ылайык, облустук ички иштер башкармалыгына Чүй айылындагы аялдамалардын биринде наристе табылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Милиция кызматкерлери иштин чоо-жайын жана наристенин ден соолугун текшерүү максатында аны аймактык ооруканага жеткиришкен.

Кийинчерээк баланын энеси 23 жаштагы К.А. аттуу Ысык-Ата районунун жашоочусу экендиги аныкталган.

Милиция бөлүмүнөн билдиргендей, баланын энеси 5 жыл 29 жаштагы С.Ч. атуу жаран менен жарандык никеде жашап, андан үч баласы бар. Бирок бир жылдан бери алар ажырашып, чогуу жашашпаганын айткан. Каражаттын жетишпегендигине байланыштуу энеси баласын атасына берүү чечимин кабыл алган. Ал 10-декабрь күнү баласын күйөөсүнүн үйүнө таштап кеткен, бирок ал киши баласын багуудан баш таркан. Ошол эле күнү наристенин чоң энеси баланы аялдамага таштап, кийин милиция кызматкерлерине ал тууралуу билдирген.

Учурда бала облустук ооруканага жайгаштырылган. Баланын энеси наристеге тиешелүү документтерди көрсөтө элек. Наристени балдар үйүнө өткөрүү маселели каралууда.

Пикир

Оставить комментарий