• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Аялдар иштери жана гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңеш айымдарга карата жасалган зордук-зомбулуктун бардык түрүн айыптайт

Коом 0

Бишкек, 10.03.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Аялдар иштери жана гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңеш айымдарга жана кыздарга карата жасалган зомбулуктун бардык түрүн, анын ичинде 8-мартта зордук-зомбулукка каршы жүрүшкө чыккан катышуучуларга карата айрым милиция кызматкерлеринин колдонгон аракетин айыптайт. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

2012-жылы түзүлгөн Улуттук кеңеш гендердик өнүгүү маселелери боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууну координациялоочу консультативдик, кеңеш берүүчү орган болуп саналат.

Өлкөдө үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук фактыларынын көбөйүшү, аялдарга одоно жасалган мамиле, ушул жылдын башында өлүм менен аяктаган окуялар олуттуу көйгөй болуп эсептелет жана мамлекеттин алдында үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу, жөнгө салуу боюнча иш ыкмаларды кайра карап чыгуу милдети турат.

Зомбулуктун бардык түрлөрүнө жол бербөө жөнүндө калктын түшүнүгүн кеңейтүү жана үй-бүлөлүк, гендердик зомбулукка карата сабырсыздыкты көрсөткөн өлкө боюнча «үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка каршы 180 күн» маалымат кампаниясы жүрүп жатат, зомбулуктун алдын алуу боюнча кечиктирилгис чаралардын комплекси бекитилип, медиаплан даярдалды.

Муну менен катар «Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын нормаларын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги үй-бүлөдөгү зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишмердүүлүгүн координациялоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары аныкталган.

Зомбулуктун бардык түрү – бул кылмыш жана кабыл алынгыс көрүнүш. Мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун жана көңүл кош карабаган бардык жарандардын биргелешкен аракети менен гана үй-бүлөдөгү жана гендердик зомбулук сындуу көрүнүштү жоюга жетишүүгө болот.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү дайыма гендердик теңчилик, аялдардын жана кыздардын укуктарын, мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу маселеси, ошондой эле аялдарга карата жасалган зомбулуктун бардык түрүн алдын алуу жана ага жол бербөө боюнча системалуу жана мерчемделген иштерди алып барат.

Пикир

Оставить комментарий