• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аялдар күрөшү боюнча Кыргызстандын курамасы Индияда Азия чемпионатына катышат

Спорт 0

Бишкек, 24-март /Кабар/. Аялдар күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасы 10-14-майда Делиде (Индияда) өтө турган Азия чемпионатында ат салышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда спортчулар алдыдагы ири эл аралык мелдешке кызуу даярдык көрүшүүдө.

“18-марттан 5-апрелге чейин аялдар күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасы Чолпон-Атада Азия чемпионатына даярдык көрүү үчүн окуу-машыгуудан өтүшөт”,-деп билдирди басма сөз кызматынан.

Эскерте кетсек, аялдар күрөшү боюнча курама команданын мүчөлөрү жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы спорттун олимпиада түрү боюнча дирекциянын эсебинен жиберилген.

Дирекциянын бюджетинен 591 миң сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий