• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аялдардын эл аралык күнүнө карата Жазаларды аткаруу кызматынын айым кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 07.03.20. /Кабар/. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында кызматкер айымдарды 8-март – Аялдардын эл аралык күнү карата куттуктоо иш-чарасы болуп өттү.

Куттуктоо иш-чарасына Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев, анын биринчи орун басары, ички кызматтын полковниги Асхат Эгембердиев баш болгон жетекчилер, аталган кызматтын алдындагы коомдук кеңештин төрайымы Чолпон Өмүрканова, ардагерлер жана офицердик курам катышкан.

Салтанатта куттуктоо сөздөр айтылып, аны менен бирге кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин жубайларына акчалай сыйлыктар, ишинде өзгөчө эмгегин көрсөткөн айрым кызматкер айымдарга атайын наамдар, "Устат", "Мыкты айым" медалдары тапшырылган. Ошондой эле жалпы айым кызматкерлерге белектер берилген.

Иш-чарада Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы сөз сүйлөп, жамааттагы айымдардын ишинин оордугун белгилеп, мында өз кесибинин чыныгы күйөрмандары гана иштеп жатканын айткан.

"Себеби, биздин система башка күч түзүмдөрүнөн айырмалынып турат: атайын контингент менен иштейт. Муну президент да түшүнүп, өз колдоосун көрсөтүүдө. Айлык маяналар 40%га көбөйдү. Кызматкерлер үчүн турак жайлар берилүүдө. Мурда бул тармак көпчүлүк үчүн жабык тармак катары таанылып келсе, кийинки кезде массалык маалымат каражаттарына да биздин ишибиздин оордугу, андагы көйгөйлөр менен жетишкендиктер бериле баштады. Биз болсо сиздердин иштөө шартыңыздарды жакшыртуу боюнча аракетибизди көрүп келебиз. Бир катар маселелерди чече алдык, бир катары иш планыбызда турат. Азыр Кыргызстандагы жабык жайлардын көбү онлайн режимге өттү. Ардагерлер үчүн акыркы заманбап жабдуулар менен жабдылган госпиталь уюшулду. ЖАМКнын имаратында оңдоо иштери жүрдү. Себеби, аялзаты иштеген жер таза, жарык болушу керек. Биз сиздерди майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайбыз. Куттуу үйүңүздөрдүн коломтосун өчүрбөй бар болуңуздар",- деген ал.

Пикир

Оставить комментарий