• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Аялдардын эл аралык күнү — сандар жана фактылар

Коом 0

Бишкек, 08.03.20. /Кабар/. 8-март – Аялдардын эл аралык күнү белгиленет. Ага карата Улуттук статистикалык комитет атайын топтом даярдаган.

Ага ылайык, 2019-жылдын башына карата республикадагы аялдардын саны 3,2 миллионду түздү. Аялдар 50,4 пайызды түзүп, эркектерге караганда көбүрөөк экени аныкталган. Ошол эле мезгилде, аялдардын 65% аймактарда жашайт. Жалал-Абад менен Ош облустарына ар бир бешинчи аял туура келсе, Бишкекте ар бир алтынчы аял жашаганы катталды.

2018-жылдын маалыматына караганда, жалпы аялдардын ичинен 48 пайызы эмгекке жарамдуу болуп, ал эми орточо курагы 38 жашты түздү. Өлкөнүн экономикасына салымын кошкон аялдардын ар бир алтынчысынын курагы 25-29 жашты түзөт. Аялдар эмгектенген тармактар саламаттыкты сактоо, калкты социалдык жактан тейлөө, билим берүү, мейманкана жана ресторан тармактары жана соода болуп саналат.

2018-жылы жогорку кесиптик билими бар аялдардын саны 27 пайызды түзсө, эркектердин көрсөткүчү 17 жана 19 пайыз болгон. Ал эми никелешүү жагынан жаш курактагы калк арасында жогорку көрсөткүч аныкталган. 2018-жылы 50 миң аял турмуш куруп, анын 94ү биринчи ирет ак жоолук салынган. Негизинин аялдар 18-25 жаштан турмуш курганы байкалган.

Никеде турган ар бир экинчи аялдын курагы 20-24 жашта болсо, ар бир бешинчи турмуштагы аялдын курагы 18-19 жашта же 25-29 жашта экени аныкталды.

Пикир

Оставить комментарий