• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аялдар ишкердигинин декадасы. Коалиция жыйынтыгын чыгарды

Коом 0

Бишкек, 21.11.22. /Кабар/. “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Демилгелүү айымдар” аялдардын ишкердигин өнүктүрүү коалициясынын төрайымы Айнура Сагынбаева аялдардын ишкердигинин декадасынын жыйынтыгына токтолду.

Анын айтымында, быйылкы декада өлкөнүн түштүгүн камтып, стереотиптер менен күрөшүүгө, аялдарды тарбиялоого жана мотивациялоого багытталган, ошондой эле инновациялык иш-чаралар өткөрүлдү.

“Мисалы, Чоң-Алай районунда аялдардын Бүткүл дүйнөлүк ишкердик күнүн майрамдоого күйөөлөрү чогулуп, аялдарынын ишмердүүлүгүнө суктанып, сыймыктана турганын айтышты. Бүгүнкү күндө биз 45 миңден ашуун адам иштеген 28 ар түрдүү уюмдан турган коалициябыз. Мындан тышкары, бизде 2022-2026-жылдарга карата аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программабыз бар жана мен келечекте ишкер аялдар туш болгон бардык кыйынчылыктарды жеңебиз деп терең ишенем”, - деди ал.

Эске салсак, Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк ишкердик аялдар күнүн белгилөөгө карата Кыргыз Республикасында аялдардын ишкердигин өнүктүрүү жана гендердик зомбулукту азайтуу коалициясы тарабынан Аялдардын ишкердигинин декадасы өткөрүлгөн.

Коалиция 2021-жылдын декабрында аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана алга жылдыруу, гендердик зомбулукту азайтуу жана ишкер аялдар үчүн шарттарды жакшыртуу максатында түзүлгөн.


 


 

Пикир

Оставить комментарий