• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Аялдардын коомдогу ролун жаңыртып, күчөтүшүбүз керек — Жапаров

Президент 0

Бишкек, 05.05.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, өлкө элине кайрылуу жасап жатып өлкөдөгү аялдардын өзгөчө ролун баса белгиледи.

Анын айтымында, заманбап билим берүү жана балдарды кароо системалары аялдарды үй иштеринен бошотот.

“Бирок аялзатынын эң маанилүү функциясын, көзгө көрүнбөгөн ишин эч ким алмаштыра албайт. Биз баалуулуктарды жараткан институт катары аялдардын коомдогу ролун жаңыртып, күчөтүшүбүз керек.

“Умай эне” культун калыбына келтирип, күчтүү муундун пайдубалын түптөө керек.

Ошол себептен эне жана баланы камкордукка алуу, колдоо жана коргоо багытында улуттук программаны жана долбоорлорду тез арада ишке киргизүүнү тапшырам”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий