• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Аялдардын коомдогу ролун жогорулатуу менен эркин-демократиялуу өлкөнү курууга болот

Коом 0

Бишкек, 28-февраль /Кабар/. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары Алтынай Өмүрбекова баштаган депутаттар Айнуру Алтыбаева жана Элвира Сурабалдиеванын Европа-Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча БУУнун аялдар түзүмүнүн аймактык директору Ингеборг Солрун Гисладоттир менен болгон жолугушуусунда айтылганын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар гендердик теӊчилик жана аялдардын саясий айдыӊдагы ролун жогорулатуу багытында баарлашып, бул жаатта аткарылып жаткан иштерге токтолушту.

Вице-спикер Алтынай Өмүрбекова аялдардын укугунун коргоо багытында Бириккен улуттар уюму тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлордун Кыргызстанга тийгизген таасири тууралуу ой бөлүшүп, эрте никеге тартуу, кыз ала качуу сыяктуу бир катар мыйзамсыздыктарды жоюу багытында иштелип чыккан мыйзам долбоорлору жөнүндө да маалымат берди. Ал парламенттик-демократияга багыт алган Кыргызстан үчүн гендердик теӊчиликти камсыздоо башкы максат экенин белгилеп: "Аялдардын коомдогу ролун жогорулатуу менен бийлик органдарына кызматка тартуу ишин колго алышыбыз керек", - деди.

Мындан тышкары, жолугушууда Жогорку Кеӊештеги депутат айымдар форумунун ишмердүүлүгү тууралуу да сөз жүрүп, форумдун төрайымы Элвира Сурабалдиева парламенттеги жана жергиликтүү кеӊештердеги айым депутаттардын саны аз болуп жаткандыгына токтолду.

Европа-Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча БУУнун аялдар түзүмүнүн аймактык директору Ингеборг Солрун Гисладоттир аймактагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу гендердик теӊчилик жаатында Кыргызстан алдыӊкы орунда экенин белгилеп: "Эркек менен аялзаты теӊ укукта болмоюн, эркин-демкратиялуу коомду куруу мүмкүн эмес", - деген оюн билдирди. Ошондой эле БУУнун аялдар түзүмү бул жаатта Жогорку Кеӊеш менен тыгыз кызматташууга даяр экендигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий