• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аялы бычак сайган. Нурлан Сарчаевге операция жасалды

Кырсык 0

Бишкек, 18.07.18. /Кабар/. Чүй облусттук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысына операция жасалды.

“Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашкандай, ал Бишкектеги ооруканалардын бирине жеткирилген.

“Кечээ ага операция жасалды. Дарыгерлер анын абалын салыштырмалуу канааттандырарлык деп баалашууда”, - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Чүй облусттук ИИБдин мурдагы башчысы Нурлан Сарчаевге жубайы 1983-жылкы М.Б., бычак сайган.

Аталган факты боюнча учурда кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий