• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Аялын өлтүргөн Токмоктун тургуну 2 жылга шарттуу кесилди

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.10.18. /Кабар/. Аялынын өлүмүнө шектелген Токмок шаарынын тургуну 2 жылга шарттуу түрдө кесилди. Тиешелүү чечимди Токмок шаарынын соту кабыл алган.

Сот аныктагандай, 61 жаштагы И.А.Г. аттуу киши аялы менен урушуп кеткен. Өз дарегине айтылган жаман сөздөрдөн улам ачууланып, ойлонбостон бир нече жолу катуу нерсе менен аялын башка уруп жиберген.

Аялы Токмок шаардык ооруканасына жеткирилип, бирок дарыгерлер тарабынан жасалган бардык иш-аракеттерге карабастан эсине келбей каза болгон.

Соттук–психологиялык-психиатриялык экспертизанын корутундусуна ылайык, айыпталуучу психикалык жактан жапа чегип келет. Чыр чыккан кезде бул киши эмоциялык жактан абдан кыйналып турган. Бирок милдеттүү дарылоо муктаж эмес.

Айыпталуучу өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

Сот И.А.Г. аттуу жаранды күнөлүү деп таап, 2 жылга шарттуу турдө соттогон.

Пикир

Оставить комментарий