• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Учурда "Аялзат" кризистик борборунда 4 аял балдары менен убактылуу баш калкалап жатат

Коом 0

Бишкек, 20.05.21. /Кабар/. "Аялзат" кризистик борборунда 4 аял жана 11 бала убактылуу баш калкалап жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, борбордун жашоочуларына психологиялык, укуктук жана медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

“Ошондой эле борбордун кызматкерлери иш кагаздарын жүргүзүүгө жардам беришет, жабырлануучуларды сот жана укук коргоо органдарында коштоп жүрүшөт”, - деп айтылат малыматта.

Эске салсак, "Аялзат" борбору ушул жылдын февраль айында ачылып, 60 орунга эсептелген жана шаардык бюджеттин эсебинен каржыланат.

Пикир

Оставить комментарий