• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аярлуу катмардагы окуучуларды коргоо. Чүй соцпедагогдору күчөтүлгөн тартипте иштейт

Билим 0

Бишкек, 11.04.20. /Кабар/. Чүй-Токмок билим берүү бөлүмү аталган аймактагы класстан тышкаркы иштерди уюштуруучулар жана социалдык педагогдор менен онлайн конференция өткөрдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, конференцияга 40тан ашык соцпедагогдор катышып, дистанттык билим берүүдөгү тарбиялык иштердин негизги багыттарын талкуулашкан.

Социалдык педагогдорго телефон аркылуу сүйлөшүү, позитивдүү роликтерди жана эскертмелерди таратуу менен ишти күчөтүү тапшырылды. Өзгөчө социалдык жактан аярлуу катмардын үй-бүлөлөрүнө көңүл бурууну керектиги айтылды. Ошондой эле үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу жана балдар арасында суициддик жүрүм-туруму боюнча профилактика жумуштарды активдештирүү зарылдыгы белгиленди. Ар бир класс жетекчи менен бир нече күн байланышка чыкпаган окуучуларга мониторинг жүргүзүү тапшырылды.

Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептердеги класс жетекчилер класстык саатарды видео форматта өтүүдө чыгармачылык менен иш алып барып жатканы белгиленди. Окуучулар дистанттык сынактар, видеофлешмобдор, коронавирус боюнча профилактикалык иштерге жана Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш чараларга катышууда.

Пикир

Оставить комментарий