• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аяз Ата – КМШ өлкөлөрүнүн эң белгилүү Аяз Аталарынын рейтингинде

Коом 0

Бишкек, 16.11.17. /Кабар/. ТурСтат аналитикалык агенттиги КМШ өлкөлөрүнүн эң белгилүү Аяз Аталарынын рейтингин түздү.

Рейтинг туристтердин арасында Аяз Аталардын резиденциясынын белгилүүлүгүн талдоонун жыйынтыгы боюнча түзүлдү.

Башкы россияоык Аяз Ата 18-ноябрда Вологод облусунун Великий Устюг шаарында өзүнүн туулган күнүн белгилейт. Аяз Ата өздүк майрамында Россиянын башкы балатасынын отун жандырып, өлкөнүн жана КМШ өлкөлөрүнүн бардык Аяз Аталарын тосуп алат.

ТурСтаттын маалыматы боюнча, КМШ өлкөлөрүндө туристтер арасында Аяз Аталардын рейтингине төмөнкүлөр кирет: Дзед Мароз (Белоруссия), Аяз Ата (Казакстан жана Кыргызстан), Шахта Баба (Азербайжан), Каханд Папа (Армения), Корбобо (Өзбекстан), Мэш Крэчун (Молдавия), Бобои Барфи (Тажикстан), Аяз Баба (Түркмөнстан), Товлис Бабуа (Грузия) жана Святой Николай (Украина).

Кыргыз Аяз Атасы жаңы жылды небереси Аяз Кыз менен тосот.

Пикир

Оставить комментарий