• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айбек Артыкбаев Катар элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайтини кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 10-февралда КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Катардын Кыргызстандагы элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайтини кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле инвестицияларды тартуу жана эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Министрдин орун басары А.Артыкбаев менен элчи А.Аль-Сулайти ушул жылы кыргыз-катар өлкө башчыларынын эң жогорку деңгээлдеги сапарларын биргеликте уюштурууну макулдашты.

Мындан тышкары, Кыргызстандын аймагында Катар тарабынан пландалып жаткан бир канча социалдык долбоорлорду ишке ашыруу маселесине токтолушту.

Жыйынтыгында тараптар эл аралык уюмдардын алкагында шайлоо процесстеринде өз ара колдоо принцибинин негизинде кызматташуунун артыкчылыктарын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий