• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Айбек Артыкбаев Палестинанын элчиси Жавад Мохаммед Авадды кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 23.05.23. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Палестинанын Кыргызстандагы элчиси Жавад Мохаммед Авадды кабыл алды.

КР ТИМден билдиришкендей, тараптар кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын, атап айтканда, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү, түрдүү деңгээлдеги байланыштарды түзүү жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Айбек Артыкбаев Кыргызстандын Палестина менен өз ара пайдалуу кызматташууга даярдыгын билдирди. Мындан тышкары, эки тараптуу мамилелерди сапаттык жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн, активдүү өз ара аракеттенүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде, элчи Жавад Авад жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү жана тереңдетүү үчүн зарыл болгон күч-аракеттерин жумшай тургандыгына ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий