• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Айбек Артыкбаев Палестинанын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 28.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 28-октябрда КР тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министринин орун басары Айбек Артыкбаев Палестинанын Кыргызстандагы элчиси (айкалыштыруу менен) Мохаммад Таршахани менен жолугушту. Бул тууралуу КР тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки жана көп тараптуу форматта кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Министрдин орун басары А.Артыкбаев, кыргыз тарап Бириккен Улуттар Уюму, Ислам Кызматташтык Уюму сыяктуу эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө маани бергендигин белгиледи. Ошону менен бирге, кыргыз-палестина мамилелерин активдештирүү максатында ар кандай деңгээлдеги жаңы байланыштарды түзүү жана эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүгө түздөн-түз күч-аракет жумшоо сунушталды.

Өз кезегинде элчи М.Таршахани тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду уюштуруу максатында Палестинанын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (PICA) Кыргыз Республикасы менен саламаттык сактоо жана айыл чарба тармагында өз ара аракеттенүү ниети тууралуу маалымдады.

Министрдин орун басары А.Артыкбаев бул сунушту кароого даяр экендигин билдирип, эки тараптуу кызматташууну активдештирүү зарылдыгын белгилеп, жолугушуунун соңунда элчи М.Таршаханиге бакубатчылык жана кесиптик ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий