• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айбек Калиев коррупцияга айыпталып кармалды – УКМК

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.04.18. /Кабар/. “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААКнын мурдагы жетекчиси Айбек Калиев коррупция фактысы боюнча кармалды,-деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

“18-апрелде “Бишкек ЖЭБди модернизациялоо” долбоорун ишке ашырууда коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүү катары “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААКнын мурдагы жетекчиси Айбек Калиев кармалды”,-деп кабарлашты УКМКдан.

Ал учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Эске сала кетсек, Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу мурда “Электр станциялар” ААКнын бир катар кызмат адамдары кармалган.

Пикир

Оставить комментарий