• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Молдогазиев Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 24.02.23. /Кабар/. Рим шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Тери Хакала менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуу күн мурун, 23-февралда Европа Биримдиги – Борбор Азиянын ортосундагы айлана-чөйрө жана суу ресурстары боюнча жетинчи жогорку деңгээлдеги конференциясынын алкагында өттү.

Тараптар Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы эки тараптуу күн тартибинин маселелерин, ошондой эле Европа Биримдиги-Борбор Азия региондор аралык диалогунун учурдагы абалы жана өнүгүү келечегин, анын ичинде аймактык иш-чараларды уюштуруу пландарын жана аймактык коопсуздук маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий