• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын мэринин м.а. болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 12.08.21. /Кабар/. Жунушалиев Айбек Жанышбекович Бишкек шаарынын жаңы мэри шайланганга чейин шаардын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Тийиштүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Марипов кол койгон башка бир буйрукка ылайык, Сарыбашов Таалайбек Насирбекович берген арызына ылайык Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу ээлеген кызматынан бошотулду.

Белгилей кетсек, буга чейин Жунушалиев министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары кызматын ээлеп келген.

Пикир

Оставить комментарий