• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Айчүрөк” соода борборунда көз жумган сатып алуучу өлтүрүлгөн болушу мүмкүн

Кырсык 0

Бишкек, 29.08.18./Кабар/. “Айчүрөк” соода борборунда көз жумган сатып алуучу өлтүрүлгөн болушу мүмкүн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, каза болгон адамдын денесинин экспертизасы жүргүзүлгөн.

“Анын денесинен гематомалардын издери табылган. Буга байланыштуу кылмыш иши козголду. Учурда күбөлөр суракка алынып, видеобайкоолорго тартылып алынган видеолор көрүлүп жатат”, - дешти ШИИББден.

Эске салсак, Бишкектеги “Айчүрөк” соода борборунда эркек киши эс-учун жоготуп каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий