• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Аида Акматова Мамлекеттик цирктин көркөм жетекчиси болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 08.02.19. /Кабар/. Аида Акматова А.Изибаев атындагы Мамлекеттик цирктин көркөм жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка министр Жаманкулов кол койгон.

Аида Акматова 1986-жылы жылы туулган. Жогорку билимдүү. Кыргыз Мамлекеттик юридикалык академиясын жана Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик маданият жана искусство университетин аяктаган.

Бүгүнкү күнгө чейин аталган циркте жогорку категориядагы артист катары эмгектенип келген.

Пикир

Оставить комментарий