• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аида Исмаилова КРнын вице-премьер-министри кызматынан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 27.10.20. /Кабар/. Аида Исмаилова КРнын вице-премьер-министри кызматынан бошотулду, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

"Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык, Исмаилова Аида Жекшенбаевнанын кызматынан кетүү жөнүндө өтүнүчү кабыл алынды жана Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматынан берген арызына ылайык бошотулду", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий