Аида Исмаилова: Кыргыз-түрк ооруканасында 22 койка орундук даярдалган

Ден соолук 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Кыргыз-түрк достук ооруканасында 22 койка орундук даярдалган. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде вице-премьер-министр Аида Исмаилова маалымдады.

Анын айтуусуна караганда, аталган ооруканада жогору талаптарга жооп берген обсервациялык орундуктар даярдалган.

"Саламаттык сактоо министри менен чогуу кыргыз-түрк ооруканасын көрүп келдик. Ал жерде 22 орундук даярдалган. Биздин ооруканалар толуп калган учурда кыргыз-түрк достук ооруканасы да бейтаптар жөнөтүлөт", - деп баса белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий