• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Аида Касымалиева "Ачык өкмөт" өнөктөштүгү (OGP) эл аралык демилгесинин Глобалдык саммитине катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.06.19. /Кабар/. 29-31-май күндөрү Канаданын борбор калаасы Оттава шаарында "Ачык өкмөт" өнөктөштүгү (OGP) эл аралык демилгесинин Глобалдык саммити болуп өттү. Ага Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева баштаган парламенттин, өкмөттүн жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышкан.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, бул иш-чарага дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн 2000ден ашык делегация барган.

Белгилей кетсек, "Ачык өкмөт" өнөктөштүгү (OGP) – Өкмөттүн ачык-айкындуулукту камсыздоо, жарандардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, коррупция менен күрөшүү жана башкарууну күчтөндүрүү үчүн жаңы технологияларды колдонуу боюнча милдеттенмелерин ишке ашырууга багытталган көп тараптуу демилге болуп саналат. Өткөрүлгөн саммитте да бул жааттагы көйгөйлөр менен жетишкендиктер талкууга алынган.

Анда Аида Касымалиева "Ачык өкмөт" өнөктөштүгү (OGP) долбоору менен парламенттин ишмердүүлүгү ортосундагы байланыштар тууралуу баяндама жасаган.

Мындан тышкары, саммиттин алкагында Аида Касымалиева баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы "Ачык өкмөт" өнөктөштүгүнүн (OGP) катчылыгынын жетекчилери менен эки тараптуу жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.

Эске сала кетсек, Кыргызстан "Ачык өкмөт" өнөктөштүгүнө (OGP) 2017-жылы мүчө болгон.

Пикир

Оставить комментарий