• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Аида Касымалиева БУУнун башкы катчысынын куралсыздануу маселелери боюнча жогорку өкүлү менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 07.04.22. /Кабар/. Кечээ, 6-апрелде Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева БУУнун Башкы катчысынын орун басары, БУУнун Башкы катчысынын куралсыздануу маселелери боюнча Жогорку өкүлү Изуми Накамицу менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен БУУнун куралсыздандыруу боюнча башкармалыгы ортосундагы кызматташуу маселелери боюнча пикир алышты.

Аида Касымалиева куралсыздануу жана жайылтпоо саясатына берилгендигин белгилеп, мунун ачык ырастоосу Кыргыз Республикасы депозитарийи болуп саналган Борбордук Азияда өзөктүк куралсыз аймакты түзүү жөнүндө келишим болуп саналат. Ушуга байланыштуу, куралсыздануу жана жайылтпоо жаатындагы билим берүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл буруу максатында, кыргыз тарап БУУнун алкагында куралсыздануу жана жайылтпоо боюнча Эл аралык билим берүү күнүн жарыялоо демилгесин көтөрүүнү пландаштырууда.

Өз кезегинде Изуми Накамицу Борбордук Азиядагы өзөктүк куралсыз аймак жөнүндө келишимдин депозитарийи катары Кыргыз Республикасынын зор ролун белгиледи, ошондой эле кыргыз тараптын куралсыздануу жана агартуу боюнча Эл аралык билим берүү күнүн жарыялоо демилгесин кубаттады.

Пикир

Оставить комментарий