• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Касымалиева БУУнун башкы катчысынын саясий жана тынчтык орнотуу иши боюнча орун басары менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. Кечээ, 22-мартта Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева БУУнун башкы катчысынын саясий жана тынчтык орнотуу иштери боюнча орун басары Розмари Дикарло менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен БУУ ортосундагы түрдүү тармактардагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты, эл аралык жана аймактык күн тартиби боюнча пикир алышты.

Аида Касымалиева тынчтыкты жана коопсуздукту сактоодо, өлкөлөр ортосундагы достукту чыңдоодо жана глобалдык социалдык-экономикалык маселелерди жана чакырыктарды чечүүдө БУУнун борбордук жана координациялоочу ролун белгиледи.

Мындан тышкары, кыргыз тарап БУУнун алкагындагы демилгелер, атап айтканда, климаттын өзгөрүүсү, тоо маселеси боюнча күн тартиби жана мамлекет башчысынын БУУ-Борбор Азия саммитин өткөрүү демилгесинин контекстинде аймактык кызматташтык тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде, Розмари Дикарло БУУ Кыргыз Республикасы менен кызматташууга өзгөчө маани берерин белгилеп, аймактык кызматташтыкты бекемдөө боюнча демилгелерди кубаттады.

Пикир

Оставить комментарий